• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда ремонт иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунда ремонт иштери жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас районуна караштуу Көк-Ой айылындагы Талас райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун оңдоп-түзөө иштери өткөн жылдын август айында башталган. Аталган объекттин наркы 47 млн 322 миң 986 сомду түзүп 160 бейтапка ылайыкталган.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталгандан бери республикалык бюджеттен жана “Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк” коомдук фонддун эсебинен жалпысынан 22 млн 500 миң сом каржыланды.

Азыркы тапта жылытуу системасы толугу менен жаңыланып электр тутумдарын, суу өткөрүүчү жана канализация түтүктөрүн орнотуу аягына чыкты. Учурда имараттын ички жасалгасына байланыштуу жумуштар кызуу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий