• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талас райондук милициясы көчмө кабылдама менен жарандарды кабыл алууда

Аймак 0

Бишкек, 21.04.21. /Кабар/. Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан милициянын көчмө кабылдамасы жарандарды кабыл алууда. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция Көк-Кашат айылында жарандарды кабыл алуу максатында көчөлөрдө жана мектепте иш алып барышты.

Талас облустук милициянын жетекчисинин орун басары Шүкүрбек Кушбеков, Талас райондук милициянын жетекчисинин орун басары Равкат Жанкорозов жана аймактык инспекторлор А.Огомбаев атындагы орто мектептин окуучуларына, мугалимдерине мектептер аралык бөлүнүү темасында талкуу өткөрүштү.

Мектеп окуучуларына кылмыштуулук боюнча маалымат берилип, мугалим менен окуучунун, мугалим менен ата-эненин ортосундагы пикир келишпестик, көйгөйлөр тууралуу талкуу өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий