• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Талас: Өрттөн 32 млн сомдон ашуун материалдык баалуулуктар сакталган

Аймак 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4 айында Талас облусунда 40 өрт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, өткөн жылга салыштырмалуу облуста өрттүн саны 21,2% көбөйгөн.

"Өрттөн болгон материалдык чыгым 4 миллион 311 миң 175 сомду түздү. Өрттүн кесепетинен 1 адам каза болуп, 11 киши жаракат алган", - деп айтылат маалыматта.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылы өрттөн 32 млн 800 миң сомдук товардык материалдык баалуулуктар сакталып калынган.

Пикир

Оставить комментарий