• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас: Сегиз ай ичинде 73 өрт кырсыгы катталды

Аймак 0

Бишкек, 06.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 8 ай ичинде Талас облусунда 73 өрт кырсыгы катталган. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 49,7% аз. Өрттөн болгон материалдык чыгым 6 млн 238 мин 956 сомду түздү. (2019-жылы 7 млн сомдон ашык – 15,7% азайган).

Өрттүн кесепетинен каза болгондор жок, бир адам жаракат алган (2019-жылы 3 адам жабыр тарткан). Өрттөн бир адамдын өмүрү жана 105 млн 760 000 товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Өрттөрдүн негизги себептери:

- электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан – 27 (37%);

- мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 5 (6,8%);

- отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 16 (21,9%);

- балдардын от менен ойноосуунан – 10 (13,7%)

Өрттөн болгон негизги объектилер:

- турак жай сектору – 52 (71,2%)

- унаа, гараж, турук (стоянка) – 12 (16,4%)

- кампалар, соода бөлмөлөр – 2 (2,7%)

- ачык аянттар – 2 (2,7%)

Болуп өткөн өрттөрдүн бөлүнүшү:

- Талас шаары – 15;

- Талас району – 12;

- Манас району – 16;

- Кара-Буура району – 20;

- Бакай-Ата району – 10 өрт катталган.

Пикир

Оставить комментарий