• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талас шаардык милициясы мектептерде иш алып барууда

Аймак 0

Бишкек, 20.09.21. /Кабар/. Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Талас шаарында жайгашкан чет тилдер лицейинде жана Абжалбек Чолпонкулов атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушту.

Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, окуу жылынын башталышы менен окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштер кадыресе жанданып баштады.

Мектептер аралык мушташтын алдын алуу максатында өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган мектептердин жетекчилери менен окуучулар арасында көйгөлүү маселелер талкууга алынып, милиция тарабынан кандай жардамдар керектиги белгиленди.

Окуучуларга кайсы кылмыш үчүн жоопко тартылаары айтылып, зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында эскертүүлөр берилди. Өзгөчө кыздарга зомбулуктан жабыркап калбаш үчүн кандай адамдар менен байланышпоо керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий