• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талас шаардык милициясынын кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам берди

Аймак 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 8-сентябрда Талас шаардык милициясынын жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциясынын кызматкерлери аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам берди. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас ШИИБнин башчысы Асрол Тантиевдин демилгеси менен көп балалуу жана турмуш шарты оор, аз камсыз болгон бир үй-бүлөнүн балдарына мектепке керектелүүчү окуу куралдары жана кийим-кечектер тапшырылды.

Асрол Тантиев келечек жаш муундарда, ар бир мектеп жашына жеткен уул-кыздарыбыз мектепке барып билим алуусу зарыл экендигин айтты. Ошондой эле ал көп балалуу жана турмуш шарты оор, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам берүү иш-чарасы уланарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий