• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас шаардык милициясынын жетекчилиги жергиликтүү тургундар менен жолугушууда

Аймак 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Талас шаардык милициясынын начальниги Асрол Тантиев шаарды кыдырып тургундардын арыз-даттанууларын кабыл алууда, - деп маалымтайт облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Талас шаардык милициясынын башчысы шаардын А. Огомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйүнүн жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууга ШИИБнин начальнигинин орун басары Ороз Алымкулов, коомдук коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлери, ошол аймактагы жарандык активисттер жана шаардык кеңештин депутаттары катышты.

"Жолугушууга келген жарандар социалдык, турмуш-тиричилик жаатында ар кандай көйгөйлөрдү айтышты. Анын ичинде жаш балдар автоунаалары менен түнкүсүн келип музыканын үнүн катуу чыгарып тынчтыкты бузуп жаткандыгы тууралуу айтышты, мындан тышкары, спирт ичимдигин ичип мас болуп жүргөн адамдар да аз эмес деген сыяктуу ар кандай даттанууларды билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Жарандардын кайрылууларын угуп, Асрол Тантиев ар бир кайрылууга жоопторун айтып, милициянын тийиштүү кызматтарына тапшырмаларды берди.

Андан соң аймактарда жооптуу болуп дайындалган милиция кызматкерлердин ишмердүүлүүгүн жеринен таанышып, шаар тургундарынын милиция менен канчалык деңгээлде тыгыз жана сапаттуу иш алып бараарын эл оозунан укту.

Мындан тышкары, кандай гана маселе же көйгөй болбосун “102” кызматына же болбосо ишеним телефондору аркылуу байланышып кайрылууларын өтүндү. Ар
бир кайрылууну ал өзү көзөмөлгө алаарын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий