• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талас шаарында 500 бүтүрүүчүнүн катышуусунда кесиптик жарманке өттү

Аймак 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Кечээ, 15-июнда Талас шаарындагы музыкалык драма театрда 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө арналган “Туура кесип – келечек кепилдиги” аттуу форум болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарманкеге жалпы 500гө жакын окуучу катышып, окуу жайлардын көргөзмөсү уюштурулду.

Аталган форум республикалык жана аймактык жолугушууларды, тренингдерди уюштуруу менен жаштарды кесипке багыттоо максатын көздөйт.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү, медицина, IT жана башка тармактын мыкты адистери актуалдуу темалар боюнча презентация жасап, бүтүрүүчүлөргө туура кесип тандоого багыт көрсөтүп, тажрыйбалары менен бөлүштү.

Белгилей кетсек, “Туура кесип – келечек кепилдиги” форуму Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Салымбеков университети тарабынан уюштурулган.

Мындай жарманке буга чейин Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облусттарында өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий