• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талас шаарында Авто калкты тейлөө борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-июнда Талас шаарында Авто калкты тейлөө борборунун (АвтоКТБ) салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине министрлер кабинетинин Талас облусундагы өкүлү Бактыбек Нарбеков, КРнын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Залкарбек Карыбеков жана “Унаа” мамлекеттик ишканасынын директору Турусбек Туменбаев катышты.

АктоКТБ жарандардын керектөөлөрүнө жана мамлекет менен коомдун ортосундагы аралыкты кыскартууга багытталып.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун «Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруунун алкагында аймактарда заманбап ыкмаларды колдонуу менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча шарттар түзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий