• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас шаарында “Кургак учук айыгат” аталышындагы жөө жүрүш өттү

Аймак 0

Бишкек, 25.03.23. /Кабар/. 24-март - Кургак учук дартына каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Талас шаарында “Кургак учук айыгат” аталышында жөө жүрүш болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жөө жүрүшкө Талас шаарынын вице-мэри Мира Сейдикеримова, социалдык маселелер боюнча адистер, Талас райондор аралык жалпы дарыгерлик практика борборунун кызматкерлери, айылдык ден соолук комитеттеринин адистери, студенттер, активисттер катышты.

Иш-чаранын алкагында кургак учук дартынын жугуу жана коргонуу жолдору тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле катышуучуларга кургак учук дартына байланышкан суроолор узатылып, жигердүү катышуучуларга Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан даярдалган белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган акция Талас шаарынын мэриясы жана Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий