• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Талас шаарында милиция окуучуларды сергек жашоого үгүттөөдө

Аймак 0

Бишкек, 08.02.23. /Кабар/. Талас шаарында милиция окуучуларды сергек жашоого үгүттөөдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас шаарынын ички иштер бөлүмүнүн балдар менен иштөө инспектору Алиев Бактияр балдарды спорт менен тарбиялоодо. Аларды кылмыштуулуктан, укук бузуулардан жана ар кандай зыян алып келүүчү аракеттерден сактоо максатында иш алып барууда. Балдардын мыйзам алдында жоопкерчилигинен, милдеттерден тышкары инспекторлор тарбиялык насаат иштерине дагы өзгөчө көңүл буруп, бош убактыларын пайдалуу өткөрүп, сергек жашоого чакырып, көмөктөшүп келет.

Ошондой эле Талас шаарынын К.Дарданов атындагы №3 мектеп-гимназиянын окуучуларына мектеп мугалимдери менен байма-бай спорттун ар кандай түрү боюнча мелдештерди уюштурат. Бул саам балдардын ынтымагын жана достугун бекемдеп, минифутбол оюунун уюштуруп, жеке өзүнүн каражаттары менен медаль, диплом жана белектерди камсыздады.

Оюнга 8-9-10-11-класстын окуучулары болуп, жалпы 8 команда катышты. Эң мыкты оюнду 9-класстын окуучулары көрсөтүп, утушка ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий