• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Талас шаарында пиротехникалык каражаттарды саткандар текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. Талас облусунун аймагында өткөрүлүп жаткан “Арсенал”, “Укук тартип” аталышындагы алдын алуу иш-чараларынын алкагында жарандардын коопсуздугун сактоо аракеттери күчөтүлүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Орозбек Алымкулов, Талас ОИИБнин КККнын начальнигинин орун басары Марлис Каратаев, ШИИБнин участкалык инспекторлору жана ӨКМ өкүлү менен биргеликте Талас шаарынын борбордук базары жана соода түйүндөрү
текшерилди.

"Жаңы жылда жарандар пиротехникалык каражаттарды (салют) колдонушат. Анын кээ бир учурлары ар кандай кырсыктарга алып келиши мүмкүн. Ошол себептен, сатуучуларга жана соода түйүндөрдүн башкармалыктарына коопсуздук эрежелери боюнча, жашы жете электерге сатпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Андан тышкары, өрт коопсуздугун дагы эске алуу керектиги белгиленди. Аталган иш-чаранын негизинде 10го жакын соода түйүндөрү жана сатуучулар эскертилди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий