• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Талас шаарындагы ат майданында ыктыярчылар тарабынан тазалоо иштери жүрүүдө

Спорт 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Талас шаарынын Р. Алканов атындагы ат майданында ыктыярчылар тазалоо иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Ат майданында көк бөрү, эр эңиш, ордо жана ат чабыш мелдештери өткөрүлүүдө.

"Талас шаарынын спорттук мелдештер өткөрүлүп жаткан аймактагы тазалык биздин негизги максатыбыз", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Улуттук көчмөндөр оюндарында 150 ыктыярчы иштеп жатат. Ал эми, спорттук мелдештер 21-сентябрда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий