• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Талас шаарындагы борбордук мечит дезинфекцияланды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.20. /Кабар/. Талас шаарындагы борбордук мечит дезинфекцияланды, - деп билдирет муфтияттын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Талас шаарындагы борбордук мечиттин имамы Касым ажы Сыдыков Талас райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору менен биргеликте “Ал ал-байт” мечитинин короо жайларын, дааратканасын жана мечиттин ички, сырткы бөлмөлөрүн толугу менен дезинфекциялашты.

“Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан берилген тапшырманын негизинде өлкө аймагындагы бардык диний окуу жайлар жана мечиттер пандемиянын алдын алуу боюнча дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Ушундан улам Талас облусундагы бардык мечиттер, окуу жайлар дезинфекцияланды”, – деди Касым ажы Сыдыков.

Пикир

Оставить комментарий