• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлери саптык кароодон өтүштү

Аймак 0

Бишкек, 25.10.21. /Кабар/. Талас облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери арасында саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, саптык кароого Бакай-Ата РИИБдин, Талас РИИБдин, Талас ШИИБдин, Талас шаардык күзөт кызматынын кызматкерлери кызматтык автоунаалары менен саптык кароодон өтүштү.

Талас ОИИБнин начальниги Марлис Асанов тарабынан кызматкерлердин жумушка даярдыктары, сырткы көрүнүшү, атайын формалары жана өздөрүнө тийиштүү буйруктарынын билиши боюнча кароо жүргүзүлдү. Иш-чаранын башында Марлис Асанов бир катар талаптарды айтып, тапшырмаларды койду.

Анда жакында келе жаткан Кыргыз Республикасынын милициясынын 97 жылдыгына карата жана өтө турган парламенттик шайлоодо милиция кызматкерлеринин коомдук коопсуздукту жана коомдук тартипти сактоодо аткара турган иштери менен тааныштырды.

Андан тышкары, жол кырсыктарынын алдын алуу, болтурбоо багытында көптөгөн алгылыктуу иштерди аткаруу керектигин, ага шарт түзүп жаткан жагдайлар менен күрөшүү зарылдыгын айтты.

Өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон кырсыктарга бөгөт коюучу чаралар көрүлүшү керектиги баса белгиленди.

"Кызматкерлер тарабынан жарандарга жана айдоочуларга эң жогорку деңгээлдеги сылык мамиле кылуу жана аларга түшүндүрүү иштери сапаттуу болуусуна көңүл бурулуусу зарыл", - деди Марлис Асанов.

Жалпы кызматкерлерге кылмыштардын алдын алуу максатында тынымсыз иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилип, кызматтык унаалар каралып, кемчилитерди жоюу боюнча талаптар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий