• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талас шаарынын борбордук аянтында саптык кароо өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 27.12.21. /Кабар/. Талас шаарынын борбордук аянтында келе жаткан 2022-жылды тосуу майрамын белгилөөнүн алдында Талас облустук ички иштер органдарынын кызматкерлеринин даярдыгын текшерүү максатында саптык кароо өткөрүлдү.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендкей, саптык кароого президенттин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Талас ОИИБнин башчысы Марлис Асанов, орун басарлары катышты.

Алгач өлкөнүн гимни ырдалып, мамлекеттик тууга түздөнүү аземи болду. Андан соң, президенттин өкүлү Бакытбек Нарбеков милиция кызматкерлерин келе жаткан жаңы жылы менен куттуктады.

Асанов тарабынан кызматкерлердин жумушка даярдыктары, сырткы көрүнүшү, атайын формалары жана өздөрүнө тийиштүү буйруктарынын билиши боюнча кароо жүргүзүлдү. Асанов бир катар талаптарды айтып, тапшырмаларды койду. Анда жакында келе жаткан жаңы жыл майрамын өткөрүүдө милиция кызматкерлеринин аткара турган иштерди белгилеп кетти.

Андан тышкары, жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо багытында көптөгөн алгылыктуу иштерди аткаруу керектигин, ага шарт түзүп жаткан жагдайлар менен күрөшүү зарылдыгын айтты. Өзгөчө коомдук жайларда болгон кылмыштарга бөгөт коючу чаралар көрүлүшү керектиги айтылды. Жалпы кызматкерлерге кылмыштардын алдын алуу максатында тынымсыз иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилип, кызматтык унаалар каралып, кемчиликтерди жоюу боюнча талаптар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий