• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта "Шумкар" полкунун кызматкерлери люкка түшүп кеткен 3 адамды куткарды

Аймак 0


Бишкек, 28.06.22. /Кабар/. Талас облустук ички иштер башкармалыгынын "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери саркынды суулар түшкөн люктан 3 адамды куткарышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 28-июнда Талас шаарынын Турдалиев көчөсүндө таза суу ишканасында иштеген кызматкерлер саркынды суулар түшкөн люкта иштеп жатып, белгисиз себептер менен чөгүп кетишкен.

"Облустук милициянын кызматкерлери аны көрүп заматта чогулуп, ыкчам аракеттерин көрүп, 3 адамды куткарып чыгышты. Аларга ошол жерден медициналык биринчи жардам көрсөтүшүп, андан кийин тез жардам менен ооруканага жеткиришкен", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, учурда аларга жана "Шумкар" полкунун кызматкерине Талас облустук биргелештирилген ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий