• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Талас” соода-базар комплекси Талас мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди

Өкмөт 0

Бишкек, 27.09.22./Кабар/. Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы “Талас” соода-базар комплекси мамлекеттик ишканасы жана жер тилкеси Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди.

Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынды.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында кабыл алынган.

Буга катар өткөрүлүп берилген ишкананын мүлктүк комплексин, анын ичинде анын бөлүгүн андан ары ажыратууга тыюу салынган.

Пикир

Оставить комментарий