• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Талас төө буурчагынын баасы быйыл 45-60 сом болууда – Даир Кенекеев

Экономика 0

Бишкек, 17.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Талас төө буурчагы бул жылы килограммына 45ден 60 сомго чейин чыгат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Даир Кенекеев билдирди.

Анын айтымы боюнча, айдоо жер аянтынын дээрлик жарымына буурчак отургузулган.

“Түшүм дээрлик чогултулуп бүттү. Биз ири сатып алуучулар менен байланышканбыз, алар Кыргызстанга президенттик шайлоодон кийин келе тургандыктарын айтышкан. Меним оюнча жакында массалык сатып алуу башталат. Төө буурчакты биздин дыйкандар дүйнөнүн 30 өлкөсүнө сатышат. Бирок ири сатып алуучулар – түрктөр”,-деди ал.

Түстү төө буурчак, Кенекеевдин айтуусу боюнча, бүгүнкү күндө 60 сом, ал эми ак төө буурчак – 45 сомдон 60 сомго чейин жетет.

“Баа былтыргына салыштырмалуу ошол эле боюнча. Баа бир аз жогорулап, дыйкандардын эмгеги акталат деп ишенебиз”,-деди ал.

Төө буурчактан сырткары, Талас облусунун жашоочулары калемпир, кызылча, буудай, жүгөрү, картошка жана беде өстүрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий