• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Талас – Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо” долбоору боюнча макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019-жылдын 17-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы „Талас — Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо“ долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы „Талас — Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо“ долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 5-декабрында кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги япон тарапка дипломатиялык каналдар боюнча жогоруда көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Маалымат катары:

«Талас — Тараз автожолундагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн көпүрөнү реконструкциялоо» долбоорду ишке ашыруу максатында Япон Өкмөтү Кыргыз Республикасына бир миллиард жети жүз сексен беш миллион (1,785,000,000.0) япон иени (16,4 млн АКШ доллары) өлчөмүндө грантты берет.

Аталган долбоор боюнча «Талас-Тараз» автожолунун 82-чакырымындагы Үрмарал суусу аркылуу өткөн эски көпүрөнүн ордуна жаңы көпүрөнү куруу (көпүрөгө келген жолдорду да жакшыртуу) каралган.

Пикир

Оставить комментарий