• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Талас-Тараз унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 02.07.18. /Кабар/. Талас-Тараз унаа жолунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду, дагы экөө жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-июлда унаа жолдун 58-чакырымында “Ауди” менен “Хонда Степ” үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Кырсык болгон жерде “Ауди” унаасындагы 2 адам каза болгон. Ал эми 7 жаштагы бала оор жаракат алып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Экинчи унаанын айдоочусу оор жаракат алган.

Учурда каза болгон жана жабыркагандардын өздүгү такталууда.

Пикир

Оставить комментарий