• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас: Улуттук көчмөндөр оюндары өтө турган ипподромдо курулуш иштери аяктады

Аймак 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Таласта Улуттук көчмөндөр оюндары өтө турган ипподромдо курулуш иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу КР Мамлекеттик курулуш агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жалпы курулуш жумуштары бүттү, учурда уюштуруу жумуштары жана электржабдыктарды жөнгө салуу, көрктөндүрүү жана тазалоо иштери жүрүүдө.

"Андан тышкары, Улуттук көчмөндөр оюндарынын ат оюндары өтө турган ипподромдо курулуш иштери толук бүткөрүлдү. Оюндар бүгүн саат 16:00дө башталат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, Улуттук көчмөндөр оюндары Талас облусунда 16-21-сентябрга чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий