• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Талас жана Нарын облустарынан 250 мугалим квалификациясын жогорулатат

Билим 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. 28-ноябрдан 2-декабрга чейин “Россия-Кыргызстан: тил, предмет, билим” долбоорунун алкагында Нарын жана Талас облустарынын мугалимдери үчүн квалификация жогорулатуу курстары өткөрүлөт.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, катышуучулар окутуунун жүрүшүндө функционалдык сабаттуулукту калыптандыруу жана баалоо, анын ичинде окуу, математикалык, табигый илимдер, мектептерде STEM билим берүүнү өнүктүрүү боюнча Россиянын тажрыйбасын өздөштүрө алышат.

Курстарды А.И. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин адистери өтөт.

Белгиленгендей, бул квалификация жогорулатуу курстары КР Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргызстандагы Росскызматташтыктын өкүлчүлүгү жана А.И. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университети тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий