• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Талас: Жол кырсыгынан 6 адам жабыркады, экөөнүн абалы оор

Кырсык 0

Бишкек, 26.04.18. /Кабар/. Талас облусунун Талас районундагы Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 52-чакырымында жол кырсыгы катталган,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-апрелде болжол менен саат 14:02 чамасында Бекмолдо айылынын Ленин көчөсүндө “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып, аласалып кеткен. Жол кырсыгынан 6 адам жабыркаган, алардын экөөнүн абалы оор.

“ӨКМДин куткаруучулары жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий