• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Таласка казак көмүрү алып келинип, тоннасы 5 100 сомдон сатылат

Аймак 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Талас облусу Казакстандын “Каражыра” көмүрү менен камсыз болот. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков “Иксар” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Олег Зимодрону жана жеке ишкер Аман Асыранкуловду кабыл алды.

Жолугушуу учурунда тараптар Талас облусунун калкын Казакстандын “Каражыра” көмүрү менен камсыз кылуу маселесин талкуулашты. Облус башчысы облуска бир жылда 58 миң тонна көмүр керектелерин жана учурда анын 65 пайызы ташылып бүткөндүгүн белгиледи. Ошондой эле Казакстан көмүрдү сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салгандыгына байланыштуу калкты үзгүлтүксүз көмүр менен камсыз кылуу үчүн Кара-Кече көмүр кенинен көмүр ташып келүү уюштурулуп, тоннасы 5 200 сомдон 5 500 сомго чейин сатылып жатканын айтты.

Өз кезегинде “Иксар” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү Талас облусунун элин Казакстандын “Каражыра” көмүрү менен камсыз кылууга даяр экендиктерин жана алгачкы 3 000 тонна көмүр бир жуманын ичинде Маймак станциясына келүүсү күтүлүп жатканын айтты. Тараптар Казакстандын “Каражыра” көмүрүнүн наркы тоннасына 5100 сомдон белгиленди.

Пикир

Оставить комментарий