• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта 25 жаштагы үч баланын энесин бычактап өлтүрүштү, шектүүлөрдүн арасында анын мурдагы жолдошу бар

Кырсык 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Таласта 25 жаштагы кыз бычактан алган жаракаттарынан улам ооруканага бара жаткан жолдо көз жумду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлтүрүү тууралуу билдирүү 23-сентябрда саат 20:00дөр чамасында кыздын апасынан түшкөн. Ал кызын батирден бычактан алган жаракаттары менен тапкан.

Жабырлануучу алган жаракаттарынан улам ооруканага бара жатып көз жумган.

Учурда өлтүрүүгө тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Шектүүлөр аныкталды, алардын арасында кыздын мурдагы жолдошу бар. “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Кыздын артында 3 баласы калды. Окуя учурунда алар батирде болушкан эмес.

Пикир

Оставить комментарий