• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта 39 жаштагы аял жаңы төрөлгөн наристесин тирүүлөй көмүп салган

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Таласта 39 жаштагы аял жаңы төрөлгөн наристесин тирүүлөй көмүп салган. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-майда Талас шаардык милициясына облустук оорукананын төрөт бөлүмүнүн дарыгеринен телефон чалуу болгон. Ал Талас шаарынын 1983-жылы туулган К. Е. аттуу тургуну ооруканага төрөттөн кийинки абалда, бирок наристеси жок кайрылгандыгын билдирген.

Аталган факт маалыматты эсепке алуу электрондук журналына катталып, окуяны териштирүү максатында ыкчам тергөө тобу жерине барган.

“Текшерүү учурунда К.Е.нын Талас шаарында 4 баласы менен жашагандыгы, ал өткөн жылдын октябрь айында никесиз кош бойлуу болуп калгандыгы аныкталган. Ал токойдо төрөп, андан соң ымыркайды тирүүлөй көмүп салгандыгы аныкталган”, - деп билдиришти милициядан.

Аталган окуя боюнча соттук-медициналык эскпертиза дайындалып, ымыркайдын сөөгү Талас облустук бириккен ооруканасына жеткирилип, экспертиза дайындалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 125-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш иши боюнча тиешелүү эскпертизалар дайындалган.

Учурда Е.К. Талас облустук бириккен ооруканасынын гинекология бөлүмүндө дарыланууда.

Тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий