• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта 57 млн сомдук имаратты мамлекеттин балансына кайтарышты – Башкы прокуратура

Коом 0

Бишкек, 03.04.18. /Кабар/. Талас облустук прокуратурасынын сотко кайрылуусунун жыйынтыгында өздүк наркы 57 млн сомдук имаратты жеке менчикке өткөрүүдөн баш тартылды. Бул тууралуу КР Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, КРБашкы прокуратурасынын тапшырмасын аткаруу үчүн Талас облустук көзөмөлдөөчү орган тарабынан Талас шаарындагы А.Нуржанова 176 дарегиндеги курулушу бүтпөгөн көп кабаттуу турак үйдүн документтери текшерилген.

Анда 1996-жылы КР Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу Чет элдик түз инвестицияларды тартуу агенттиги тарабынан “Накер” АКны ликвидациялоо процедурасы жүргүзүлгөн. Процедуранын жүрүшүндө 1996-жылдын 21-августуна ылайык, курулушу бүтпөгөн көп кабаттуу турак үй “Арашан” АКнын балансына өткөрүлүп берилген. Бирок, КР өкмөтүнүн 1996-жылдын 15-августундагы токтомуна ылайык, бул объект Талас шаардык мамлекеттик администрациясынын балансында болушу керек эле. Буга байланыштуу Агенттикте ошол учурда көрсөтүлгөн объект боюнча чечим чыгаруу укугу болгон эмес.

Талас облустук прокуратурасынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы боюнча 2017-жылдын 28-декабрында жогоруда белгиленген келишимди жараксыз катары табуу жөнүндө райондор аралык сотко доо арызы киргизилген. Соттук териштирүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2018-жылдын 7-мартында сот белгиленген имараттын жеке менчикке берилишин жокко чыгарды.

Белгилей кетсек, көз карандысыз баалоонун аныктамасы боюнча бул объекттин базар баасы 57 млн. 228 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий