• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Таласта 59 жаштагы киши өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө айылдашы шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.20. /Кабар/. 25-ноябрда Талас облусунун Талас айылындагы жолдун түндүк тарабынан 59 жаштагы Д.И. аттуу адамдын сөөгү табылган. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иш-аракеттеринин негизинде ошол эле айылдын 33 жаштагы И.Ж. аттуу жаран кармалган. Ал жашаган үйгө кароо жүргүзүлүп, үйдүн кире бериш бөлмөсүндөгү столдун үстүнөн сабында кандын издери байкалган ашкана бычагы табылып алынган. Мындан тышкары, кандын издери калган үй ээсине таандык сырт кийимдери табылган.

Шектүү Кара-Буура райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Аталган факты боюнча экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий