• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта 6-класстын окуучусу өз үйүндө асынып алган

Кырсык 0

Бишкек, 06.02.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Талас облусунун Көпүрө-Базар айылында өспүрүм асынып алган. Бул тууралуу аймактык ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Милициянын маалыматы боюнча, каза болгон бала №6 орто мектептин 6-классынын окуучусу болгон.

“2-февралда кечинде үйүнүн сарайында өз өмүрүнө кол салган. Иликтөө жүрүп жатат, азырынча суициддин себеби тактала элек”,-деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, ушундай эле жагдай 2017-жылдын 13-декабрында Талас облусунун Кара-Буура районунда жүз берген. Анда 9-класстын окуучусу өз үйүндө асынып алган. Маалымдалгандай, маркум чоң энеси менен жашап жүргөн, ата-энеси болсо чет жакта иштеп жүрүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий