• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таласта айдоочу 3 жылкыны сүзүп кеткен, кырсыктан 2 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.17./Кабар/. Талас районунда жеңил унаанын айдоочусу 3 баш жылкыны сүзүп кеткен,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, окуя үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында болжол менен кечки саат 19:04 каталган.

“Кара-Суу жана Көк-Кашат айылдарынын ортосунда “Ауди-С4” үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу жолдол бара жаткан 3 жылкыны сүзүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, 2 адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий