• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Таласта Айтматовдун 90 жылдыгына карата 90 боз үй тигилди

Аймак 0

Талас, 08.11.18 /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Кыргыз улуттук "Манас Ордо" комплексинде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун мааракесине карата 90 боз үй тигилди. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ал боз үйлөр Талас облусундагы төрт райондун айыл өкмөттөрү, Талас шаардык бийлиги тарабынан тигилген.

Талас облустук бийлигинин өкүлү Динара Дүйшекееванын айтымында, боз үйлөрдө жети дубандан келген коноктор сыйланат. Мааракеге Казакстандан да меймандар келген.

Ошондой эле "Манас Ордодо" жазуучунун чыгармалары боюнча түзүлгөн композиция, "Чыңгыз Айтматов көркөм сүрөт өнөрүндө" аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулган.

Белгилей кетсек, "Манас Ордо" комплексинде Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналып эр эңиш, кыргыз күрөшү, көк бөрү оюндары, элдик таланттардын майрамдык концерти болуп, беш күндөн бери Манас айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий