• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта асынып алган 13 жаштагы окуучунун өлүмү боюнча териштирүү иштери башталды

Кырсык 0

Бишкек, 24.02.20. /Кабар/. Таластын Орто-Арык айылында 13 жаштагы бала каза болгондугу тууралуу милицияга билдирүү түшкөн.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, окуя 19-февралда күндүз болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, бала үйдө ойноп жатып, кокустан асынып алган.

"Үйдө чоңдор дагы бар болчу. Бирок, алар учурунда байкабагандыктан, бала каза болуп калган", - деп айтылат маалыматта.

Көз жумган бала 7-класстын окуучусу болгон.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий