• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Таласта аткезчилик жол менен күйүүчү май ташып бара жаткан унаа кармалды

Аймак 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Талас облусундагы Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында аткезчилик жол менен күйүүчү май ташып бара жаткан жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 18-декабрь күнү Кызыл-Адыр айылынын кире беришинде С.М. аттуу жаран башкарып келе жаткан “Мерседес-Бенц 814” оор жүк ташуучу унаа токтотулган. Аталган унааны текшерүүдө, анын ичинен темир челек табылган. Ал эми айдоочуну суракка алган учурда, ал темир челек бензин менен толтурулгандыгы аныкталган. Жалпы салмагы 6 тоннаны түзгөн.

Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Унаа айып унаа токтотуучу жайга киргизилген.

Учурда Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча кызматы тарабынан өлкө аймагында акцизге алынган товарларды мыйзамсыз айлантуу фактыларын аныктоо жана кармоо боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий