• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таласта атылган ак илбирске кайдыгер эмес адамдар жардам беришүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.01.20 /Кабар/. Талас облусунда атылган ак илбирске кайдыгер эмес адамдар тамак алып келип, жардам беришүүдө. Бул тууралуу “Бугу-Эне” коомдук фонду өзүнүн социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу кабарлашты.

“Кечээ Алина Бекжанова аттуу кыз Жаабарска 9 килограмм эт алып келген. Ал кыз жөө суукта этти көтөрүп келиптир”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле фонддон билдиришкендей, алардын “Элсом” электрондук капчыгына акча каражаттар түшүүдө. Фонд колдоо көрсөткөндөрдүн баардыгына ыраазычылык билдирет.

“Бугу-Эне” фондунун электрондук капчыгы - 0553 63 42 38.

Эскерте кетсек, бала илбирсти Талас облусунун Кой-Ой айылынын туругундары таап алышкан. Жарадар илбирс бактын үстүнө чыгып алган. Аны тургундар жерге түшүрүп, жырткыч Бишкекке алынып келинген. Адистер илбирсти текшерип, ага рентген жасатып, денесинде 70 тей бытыра октору бар экендигин аныкташкан. Ак илбирске операция жасалып, 18и денесинен чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий