• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта бүгүнкү күнгө чейин дары-дармектин баасы кымбаттап кеткен учур катталган жок

Аймак 0

Бишкек, 14.07.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Таласта бүгүнкү күнгө чейин дары-дармектин баасы кымбаттап кеткен учур катталган жок. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Финпол жана Монополияга каршы күрөшүү кызматы дарыканаларга барып, текшерүүлөрдү жүргүзүүдө.

“Жеке өзүм орун басарлар менен бирге район, айылдардагы дарыканаларга чейин барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бүгүнкү күнгө чейин дары-дармектин баасынын жогорулап кеткен учуру катталган жок. Керектүү дарыларды да жарандарыбыз жөнөтүп жатат. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги катуу көзөмөлдөөдө”, - дейт ал.

Мураталиев маалымдагандай, күндүзгү стационарларга дарыканалар ачылып, ал жерге керектүү дары-дармектер коюлган.

Пикир

Оставить комментарий