• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтыш өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 16.05.22. /Кабар/. Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы облустук драма театрда Кыргыз Эл акыны, Токтогул сыйлыгынын лауреаты Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган эл аралык айтыш өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айтышты Маданият министрлиги, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз улуттук "Манас" театры жана республикалык "Айтыш" коомдук фонду биргелешип уюштурууда.

Айтыштын биринчи күнү аяктап, акындардын эл аралык айтышынын финалына сегиз акын чыкты. Алар, Темирбек Матыбаев, Акматбек Султанов, Сапарбек Зулпуев, Кутман Садыбакасов, Нурсултан Малдыбаев, Абдылда Нуралиев, Чыңгызхан Кожошов жана Казак Нурлуубек Курманов болду.

Байдылда Сарногоев 1932-жылы 14-январда Талас районунда туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Анын биринчи ыр жыйнагы "Шумкар" деген ат менен 1952-жылы жарык көргөн.

1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин маданий байланыштарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык "Алтын көпүрө" сыйлыгы ыйгарылган. 2000-жылы "Байдылда" аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган.

Акын 2004-жылы 20-ноябрда 72 жашында каза болуп, сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Пикир

Оставить комментарий