• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата эл аралык айтыш өтөт

Маданият 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Таласта акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата эл аралык айтыш өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чараны Маданият министрлиги, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Кыргыз улуттук "Манас" театры жана республикалык "Айтыш" коомдук фонду биргелешип уюштурууда.

Айтыштын финалдык бөлүгү 15-16-майда Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы драма театрында өтөт.

Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев поэзия майданына кошулган өткөн кылымдын 50-жылдарынан тартып эле окурмандардын калың катмарынын сүйүктүү акынына айланган. Анын "Ак калпак", "Ашуудан берген отчётум" деген китептери колдон-колго өтүп окулган. Сарногоевдин ырларынын ар бир сабынан кыргыздык мүнөз, кыргыздык бөтөнчөлүктөр көрүнүп турат. Ал төкмөлөр чыгармачылыгына жакын, нукура улуттук колорит менен жазган.

Пикир

Оставить комментарий