• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Таласта Билим берүү форуму өттү

Аймак 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. 2017-жылдын 10-майында Талас шаарында Талас мамлекеттик университетинин базасында жаңы төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн базалык стандарттарын илгерилетүү жана жүзөгө ашыруу боюнча Билим берүү Форуму болуп өттү. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Иш чарага КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары А.Ш.Жаркыналиева, Талас мамлекеттик университетинин проректору М.С.Турганбаев, КР БУУ ЮНИСЕФтин билим берүү боюнча координатору Ч. Жумагулова, облустагы методикалык билим берүү борборлорунун координаторунун орун басары А.Б.Козубаева, ошондой эле аталган стандартты иштеп чыккандар, эксперттер, окутуучулар жана башталгыч класстар боюнча методикалык бирикмелердин методисттери, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун, мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун жетекчилери, ата-энелер жана Талас мамлекеттик университетинин студенттери жана педагогикалык жамааты, педагогикалык коллеждин мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн студенттери катышышты.

Форумдун иши эки бөлүктөн турду.

Биринчисинде катышуучуларга төрөлгөндөн тартып 3 жашка чейинки балдарды өнүктүрүүнүн Базалык Стандарттары жана Баланын өнүгүүсүн байкоого алган ата-энелер үчүн Күндөлүк тууралуу маалыматтар берилип, тааныштырылды. Чыгып сүйлөгөн эксперттер бул документтердин маанисине кенен токтолгон соң, аларды жайылтуунун жана колдонууга киргизүүнүн жолдорун иштеп чыгуу маселесин коюшту.

Иш чаранын экинчи бөлүгүндө болсо катышуучулар топторго бөлүнүп, стандарттарды жүзөгө ашырууда маселелерин талкуулашып, бул багытта сунуш, пикирлерин беришти.

Ошондой эле Форумдун жүрүшүндө төмөндөгүдөй олуттуу маселелерге көңүл бурулду:

Базалык Стандарттарды жүзөгө ашырууда ата-энелердин маалымдуулугун жогорулатуу максатында Массалык маалымат каражаттарын кеңири тартуу;

Педагогикалык адистерди даярдоодо Базалык Стандарттарды окутуп үйрөтүүнү окуу планына киргизүү;

Медициналык кызматкерлердин , айрыкча ата-энелер меннн иштеген кызматкерлердин бул багыттагы билимин жогорулатуу ж.б.

Иш чаранын соңунда катышуучулар Базалык стандарттарды жүзөгө ашыруу үчүн башкы механизм катары адистерден, эксперттерден турган бирдиктүү Желени түзүү зарыл экендигин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий