• 84.8
  • 101.16
  • 1.14

Таласта болгон селдин себептери аныкталды – ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 13.06.18. /Кабар/. Таласта болгон селдин себептери аныкталды,-деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айыл аймагында 2018-жылдын 11-июнунда болжол менен саат 18:00дөр чамасында жааган жаандын кесепетинен сел өтүүчү сайды сел суулары жарылган. Натыйжада Ак-Жар айылында 11 турак үйдүн короо сарайларын, 8 га 80 сотык айдоо жерлерди каптап, каналдын 75 метр аралыгын суу жеп кеткен.
“Келтирилген материалдык чыгым 108080 сомду түзгөн”,-деп кабарлашты ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий