• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Таласта болжол менен 2,7 миң тонна жапайы кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ИИМдин тиешелүү кызматтары тарабынан жыл сайын “Мак” аталышындагы иш-чарасы өткөрүлүп келет. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Бул иш-чаранын алкагында ИИМдин Талас облусу боюнча Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жана Талас облусундагы райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлери, Чек-ара кызматынын ыкчам ишмердик бөлүгүнүн офицерлери жана ИИМдин ардагерлиринин катышуусу менен жалпы аянты 4,55 га түзгөн талаада өскөн жапайы кара куурайларды орушуп, жалпы салмагы болжолу менен 2,7 миң тоннага жакын кара куурай жыйналып, жок кылынды.

Бул жолку "Мак-2021" иш-чарасы Талас облусунун 4 районунда жапайы өскөн кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу максатында жүргүзүлдү. Манас районунун Покровка айылынын аймагынын “Стан” жер аянтынан 1,5 га, жерден болжолу менен 700 кг, Талас районунун Долоно айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынан 0,5 га, жерден болжолу 500 кг, Кара-Буура районун Чолпонбай айылдык аймагынын “Шалтак” жер аянтынан 2,2 га жерден болжолу 800 кг, Бакай-Ата районун Миң-Булак айылдык аймагынын “Маңдай” жер аянтынан 0,35 га жерден 700 кг жапайы өскөн кара-куурай өсүмдүгү жок кылынган.

Пикир

Оставить комментарий