• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта бычакталып өлтүрүлгөн аялдын күйөөсү Казакстанга чыгып кетүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 25.09.18. /Кабар/. Таласта жолдошу 25 жаштагы аялын кызганычтан улам өлтүргөнгө шектелүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыз жакында Таласка күйөөсү менен урушкандан кийин апасы менен калуу үчүн келген.

“Жолдошу аны үйүнө алып кетүү үчүн келген. Бирок экөө уруша кетип, жолдошу аны бычак менен жарадар кылып, окуя болгон жерден качып кеткен. Милиция кызматкерлери Казакстан менен чектешкен жердеги “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрүү пунктуна жетпеген жерден кармашкан. Ал соттон качып, Казакстанга чыгып кетүүгө аракет кылган. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча өлтүрүүгө кызганыч себеп болгон”, - деп билдиришти агенттикке.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Эске салсак, киши өлтүрүү тууралуу билдирүү 23-сентябрда саат 20:00дөр чамасында кыздын апасынан түшкөн. Ал кызын батирден бычактан алган жаракаттары менен тапкан. Жабырлануучу ооруканага бара жаткан жолдо жаракаттарынан улам каза болгон.

“Киши өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Анын аркасында 3 баласы калды.

Пикир

Оставить комментарий