• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта Ч.Айтматовдун мааракесине арналган көк бөрү оюну жыйынтыкталды

Аймак 0

Талас. 08.11.18. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Таласта Чыңгыз Айтматовдун мааракесине арналган көк бөрү оюндары жыйынтыкталды. Оюндардын жыйынтыгы менен "Бакай-Ата" командасы биринчиликти утуп алды.

Финалдык беттеште "Бакай-Атага" каршы "Кара-Буура жаштары" командасы ойноп, бирок 6:0 эсебинде жеңилип калды.

Ал эми үчүнчү орунду ошол эле Бакай-Ата районунун "Бакайыр" командасы ээледи.

Биринчи орунду багындырган улакчыларга 400 миң сом, экинчи орундагыларга 300 миң жана үчүнчү орундун ээлерине 200 миң сом байге тапшырылды.

Улак тартышка катышкан калган командалар да куру кол калбай, аларга 100 миң сом берилди.

Көк бөрүнүн байге фонду 1 млн. сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, бул көк бөрү оюндарына башка облустардын командалары катышкан жок. Себеби көк-бөрү оюндары удаа-удаа өткөрүлгөндүктөн, башка облустун командалары келүүгө үлгүрбөй калган.

Пикир

Оставить комментарий