• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта чек арачылар үчүн көп батирлүү турак жай курулууда

Аймак 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Талас шаарында чек арачылар үчүн көп батирлүү турак жай курулууда. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМКлар менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, бүгүн МЧКнын аскер кызматкерлери үчүн Талас шаарында курулуп жаткан турак жайдын пайдубалын түптөөгө капсула салуу аземи болду.

3 кабаттуу 24 батирлүү турак жайдын курулушун 2017-жылдын октябрь айына бүткөрүү пландалууда.

“Бул жылы Талас облусунда кызмат өтөп жаткан чек арачылардын үй-бүлөлөрү жаңы батирлердин ачкычтарына ээ болушат. Аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо – чек ара ведомствосу, жалпы эле өлкө жетекчилигинин алдындагы негизги маселе болуп саналат.

Республиканын аймактарында турак жайларды куруу активдүү жүрүүдө, чек ара инфраструктурасы жакшырууда: чек ара тозотторунда жана отряддарында жаңы объектилер түшүп жатат, мындай чаралардын бары аскер кызматкерлеринин социалдык-турмуш шартын жакшыртуу үчүн кабыл алынууда, эң биринчи кезекте чек арачылардын аскердик ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун көтөрүүгө багытталган. Ага ылайык, бизге – аскер кызматкерлерине өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылууда коюлган милдеттерди аткаруу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөн”,-деди өз сөзүндө МЧКнын төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу Уларбек Шаршеев.

Акыркы 5 жылда Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен облусунда аскердик кызмат өтөп жаткан МЧКнын аскер кызматкерлери турак жай менен камсыз болушту. Бул жылы Нарын, Талас шаарларына жана Ала-Бука айылына 24 батирлүү, Ново-Покровка айылына 36 батирлүү турак жай куруу пландалууда. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы Исфана шаарында чек арачылар үчүн турак жайдын курулушу бүтөт.

Республиканын ар кайсыл аймактарында кызмат өтөп жаткан 200 гө жакын чек арачылар жана алардын үй-бүлөлөрү турак жай менен камсыз болушат.

Чек арачылар үчүн турак үйдүн пайдубалын түптөө аземине Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын убактылуу милдетин аткаруучу У.Шаршеев, Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Кенекеев, шаардык мэриянын, облустун күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жана МЧКнын Талас облусу боюнча башкармалыгынын жеке курамы катышты.

Пикир

Оставить комментарий