• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Таласта дайынсыз жоголгон окуучу бала изделүүдө

Аймак 0

Бишкек, 21.04.22. /Кабар/. Талас облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан дайынсыз жоголгон окуучу бала изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас районуна караштуу Көк-Токой айылынын тургуну 2009-жылы туулган Узакбаев Улукбек Искендерович изделүүдө. Ал 2022-жылдын 19-апрелинде эртең менен мектепке кеткен бойдон дайынсыз болууда. Улукбек Узакбаев 6-класстын окуучусу.

Белгилери: бою 140-145 см, өңү кара-тору, толугураак дене түзүлүштө, көзү жүлжүк, бетинде сепкилдери бар.

Кийимдери: үстүндө ак түстөгү көйнөк, кочкул кызыл жемпир, боз түстөгү шым, кызыл түстөгү спорттук бут кийим.

“Узакбаев Улукбек Искендеровичти көргөн билгендер болсо, жакын жердеги 102 кызматына телефон чалып билдирип коюуңарды өтүнөбүз. Андан тышкары, төмөнкү байланыш телефондоруна карылууга болот: 0771 57 08 76; 0701 14 05 06; 0550 74 33 35”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий