• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта дарактар мыйзамсыз кыйылган

Укук тартиби 0


Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Талас шаарындагы Талас агрардык экономикалык колледжинин күн чыгыш тарабында тогуз даана кара жыгач түбүнөн мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган экологиялык кылмыш боюнча акт түзүлүп, жаратылышка келтирилген зыяндын жалпы суммасы 19 миң 200 сом өлчөмүндө эсептелген.

Топтолгон материалдар Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий