• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Таласта эки бала 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.12.19. /Кабар/. Таласта эки бала 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалды.

Талас шаардык милициясынан билдиришкендей, 24-ноябрь күнү милицияга Талас шаарынын тургуну кайрылып, анын 2003-жылы туулган кызын бирөөлөр зордуктап кеткенин билдирген. Окуя жерине милиция кызматкерлери барган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип 2001 жана 2003-жылы туулган эки бала кармалган.

Тергөө тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий