• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Таласта эки унаа кагылышып, 1 адам каза болуп дагы төртөө жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 12.02.18. /Кабар/. Талас районунун Кара-Ой айылында эки унаа кагылышып, 1 адам каза болуп дагы төртөө жабыркаган,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 10-февралда болжол менен саат 21:16 чамасында катталган. Анда "Ниссан-Сефиро" үлгүсүндөгү жеңил унаа менен "Хонда-Степ" үлгүсүндөгү унаа кагылышкан.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары барышкан.

“Жол кырсыктын кесепетинен Ниссан-Сефиро унаасынын айдоочусу (1986-жылы туулган А.М.К.) каза болуп, 2 адам жабыркаган. Ал эми Хонда-Степ унаасынан дагы 2 адам жабыркаган. Жабыркаган 4 адам Талас облустук ооруканасына медициналык тез жардам кызматынын унаасында жеткирилген. Каза болгон айдоочунун жансыз денеси ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий