• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таласта экстремисттик материалдарды таркатууга шектелген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.12.21. /Кабар/. Талас облусунда өлкө аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун материалдарын таркатууга шектелип бир жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында интернетте социалдык колдонуучулардын бири Кыргызстандын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын көз караштарына окшогон материалдарды жарыялаганы аныкталган.

Аталган факты 15-октябрда Жазык кодексинин 315-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) боюнча катталып, жарыяланган материалдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгынын негизинде ал тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун көз карашын колдогон материал экендиги аныкталган.

Шектүү катары 1971-жылы туулган Ш.Л. аттуу жаран Талас облусунан кармалган.

Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий