• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Таласта электр тармагына келтирилген 5,4 млн сомдук зыян өндүрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Таласта электр тармагына келтирилген 5 млн 475 миң сомдук зыян өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Талас облустук прокуратурасы тарабынан жогорку чыңалуудагы тармактар аркылуу ири өнөр жай керектөөчүгө жеткирип берүүдө электр энергиясын кем эсепке алуу боюнча кылмыш ишинин тергөөсү жүргүзүлдү.

Тергөөнүн жүрүшүндө Талас жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканасынын жооптуу адамдары «Чат-Базар» көмөк чордонун кайра конструкциялоодо энергия жабдууларын куроо жана жөндөө учурунда өзүнүн кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылгандыктан, мамлекетке 5 млн 475 миң 34,52 сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн материалдык зыян толугу менен өндүрүлүп, аталган ишкананын жооптуу кызматкерлери О.А.П жана О.А.С. кылмыш жоопкерчилигине тартылышты.

Пикир

Оставить комментарий